Биздин жаш жеңүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз!
2024-жылдын 3-ноябрында Англис тили боюнча Эл аралык олимпиада өттү. Ага биздин Шумкар-Уя айыл аймагынан таланттуу окуучулар катышып, Болгария, Румыния, Молдова, Индия, Казакстан, Өзбекстан жана Катар өлкөлөрүнүн жаштары менен таймашты.
Беренбекова Айтунук (Орто деңгээл)
1- орунду камсыздады
Илиязова Анара (Орто деңгээл)
1- орунду камсыздады!
Эсенова Азиза (Жеңил деңгээл)
1-орунду камсыздады
Нурбекова Айсулуу (Жеңил деңгээл)
2-орунду камсыздады!
Биз ийгилик жараткан окуучуларыбыз менен абдан сыймыктанабыз! Алардын өжөрлүгү, тилге болгон кызуусу натыйжа берип, жакшы жыйынтыкка алып келди.
Окуучулардын олимпиадага барып катышуусуна мүмкүнчүлүк берип, 3600 АКШ доллар өлчөмүндө финансылык колдоо көрсөткөн Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз.
Англис тилин терең үйрөнүп жаткан биздин окуучуларга дагы көп ийгиликтерди каалайбыз!