БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ШТАБЫ БОЛУП ӨТТҮ
2024-жыодын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратынын жыйын залында БШКнын төрайымы Н. Шайлдабекованын катышуусунда БШКнын республикалык штабы болуп ѳттү.
Ага облус башчысы Эрмат Джумаев, шаар мэри, район акимдери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, мекеме, ишканалардын жетекчилери катышты. Анда 17-ноябрда ѳтѳ турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата жогорку уюшкандыкта даярдык кѳрүү маселелери талкууланды. Штабдык отурумда шайлоого даярдык көрүү, шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, техникалык маселелерди чечүү, шайлоо комиссиялары үчүн ыңгайлуу жайларды камсыздап берүү жана аралыктан добуш берүү боюнча сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлүп бир катар тапшырмалар берилди. Буга кошумча шайлоо күнү электр энергиясы, интернет байланышы үзгүлтүксүз берилиши керектиги айтылды.
Эске сала кетсек, жалпы облус боюнча 117 шайлоо участогу жана 1 аралыктан добуш берүү участогу бар. Талас районунда 35 шайлоо участок бар. 2024-жылдын 6-ноябрына карата облус боюнча жалпы шайлоочулардын саны 178203 адам, анын ичинен Талас районунда 47035 шайлоочу бар.