БҮРГӨ БААТЫРДЫН АЙКЕЛИ ТУРГУЗУЛГАН АЯНТЧА ЖАҢЫЛАНДЫ

31.08.2025, 15:39
19

31-августта Бүргө баатырдын айкели тургузулган аянтчанын ачылышы жасалды. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиевдин жана айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен аталган аянт реконструкциялоодон өтүп, тегерек чети курчалган. Ошондой эле брусчатка төшөлүп, отургучтар орнотулду.

Шарттарды түзүүгө каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Бул колдоого “Бүргө баатыр” фондунун мүчөлөрү ыраазычылык билдирип, салым кошкондорго “Ыраазычылык кат” тапшырышты. Жыйынтыгында чогулгандар баатырды эскерип, куран түшүрүштү.