БҮРГӨ БААТЫРДЫН ТУРНИРИ ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ВОЛЕЙБОЛЧУЛАРДЫ ЧОГУЛТТУ

19.02.2025, 16:10
15

Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында Бүргө баатырдын жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өтүүдө. Волейбол боюнча облустук турнирге 25 команда катышууда. Жалпы байге фондусу 100 миң сом. Турнирди уюштурууга Шумкар-Уя айыл өкмөтү каржылык колдоо көрсөттү. Өз кезегинде Бүргө баатырдын урпактары жана баатырдын атынан түзүлгөн коомдук кайрымдуулук фонддун жетекчилиги жергиликтүү бийликке ыраазычылыктарын айтышты.

Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев келечекте Бургө баатыр атанын атындагы турнирди республикалык деңгээлде уюштуруу боюнча жакшы максаттар бар экенин билдирди.