Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиевдин демилгеси жана айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен Чоң-Токой айылынын тарыхында алгачкы жолу ички жолдорго асфальт төшөлүүдө.
Жалпы жолуна айылда 2.5 чакырым жол асфальтталат. Жумуштарга каражат Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп , ишти ДЕП-36 ишканасы аткарууда.
План боюнча асфальтоо иштери июлдун 15не чейин бүтүшү керек .