ЧОҢ-ТОКОЙДО ЗАМАНБАП ТИГҮҮ ИШКАНАСЫ АЧЫЛДЫ!

31.08.2025, 11:35
3

Бүгүн, 31-августта Чоң-Токой айылында 40 орундуу тигүү цехи ишке кирди. Эми айыл калкы жумуш оруну менен камсыз болуп, иштей башташат. Долбоор айыл өкмөтүнүн жана депутаттардын колдоосу менен ишке ашып, жергиликтүү бюджеттен 25 млн. сом жумшалды. Ишканада тигүү бөлмөсүнөн тышкары, технологдун кабинети, жумушчулар үчүн кийим которо турган бөлмө, ашкана, ажаткана, жуунучу жайга чейин бар.

Муниципалдык ишкананын ачылышы аземине айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев , айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев, депутаттар, шаардан келген коноктор жана айыл тургундары катышты. Белгилей кетсек, мындай заманбап шарттагы тигүү цехи Талас облусунда биринчи жолу ачылды