ЧОҢ-ТОКОЙДУН ТУРГУНДАРЫН КЫЙНАГАН ЖОЛ КӨЙГӨЙҮ ЧЕЧИЛДИ

24.09.2025, 12:23
1

🔶Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Чоң-Токой айылынын ички жолу заманбап болуп асфальтталып бүттү. Айылдын тарыхындагы алгачкы асфальт жол болгондуктан, жергиликтүү эл чоң кубаныч менен кабыл алды.

🔶Ачылышына Шумкар-Уя айыл өкмөтү Бакыт Кыдыралиев,Талас районунун акими Байышбек Астанакулов, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев баштаган депутаттар жана жолчулар катышып, айыл калкын жаңы жол менен куттукташты.

🔶Жолду оңдоого каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды. Жумушту №36 жол тейлөө ишканасы жасап, жалпы 2.5 чакырым ички жол оңдолду. Кенендиги 7.5 метр, калыңдыгы 6 см. асфальт төшөлдү. Талапка ылайык жол чийимдери жасалып, бордюрлар коюлду. Ошондой эле эки тарабына суу өтө турган латоктор жайгаштырылды.

☝️Айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиевдин ички жолдорду заман талабындай кылып оңдоо демилгесин айылдык кеңештин депутаттары колдоп беришкен. Эми алдыда дагы калган айылдардын ички жолдору да ушундай бүт шарты камтылган асфальт болуп жасалат.