Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов Талас районунун Шумкар- Уя айыл аймагындагы билим уялардын шарттары менен таанышты.Эл өкүлү М.Туйтунов,И.Орозалиев,А.Бөрүбаев,Жумагул уулу Алымкул ,Г.Орозалиева ,Хан -Бүргө атындагы мектептердин көйгөйүн ,материалдык-техникалык базаларын көрүп чыкты.
Өз кезегинде Р.Жакышов аталган мектептерге көмөк көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Жолугушууга Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы И. Сариев, Шумкар-Уя айылдык кеңешинин төрагасы А.Боркеев жана мектеп директорлору катышты .