Бул жолу Эгемендик майрамы Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында өзгөчө шаң менен белгиленди. Айыл өкмөттөрү тарабынан Сасык-Булак айылына боз үйлөр тигилип, район аймагынан келген жалпы меймандарга сый урмат көрсөтүлдү.
Майрамдык салтанатка КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов , Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев баштаган айыл өкмөттөр, мекеме-уюмдардын жетекчилери, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев , кеңештин төрагасы Алтынбек Боркеев, айылдын депутаттары , кызматкерлер жана жергиликтүү тургундары катышты.
Иш-чарада айыл аймактын социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүүгүсүнө салым кошкондорго Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн атынан Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Эгемен майрамына келгендер райондогу маданият кызматкерлеринин, манасчылардын талантаны жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө да күбө болушту. Мындан тышкары спорттук мелдештер уюштурулду