Эгемендиктин 33 жылдыгына карата Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында спорттун бир нече түрү боюнча чоң мелдеш өттү.

02.09.2024, 00:22
18

Эгемендиктин 33 жылдыгына карата Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында спорттун бир нече түрү боюнча чоң мелдеш өттү.

Жеңүүчүлөрдү райондун акими Нургазы Нармырзаев куттуктап, ден-соолук жана албан ийгиликтерди каалады.

Стол тенниси, волейбол жана кичи футбол боюнча мыктылар тандалып атайын кызыктыруучу сыйлыктар, акчалай, диплом, медаль жана кубок менен сыйланышты.

Сыйлыктарды тапшырууга район акими баш болгон мекеме жетекчилери, айыл өкмөттөр, Шумкар-Уя айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев жана кеңештин төрагасы Алтынбек Боркеев катышты.