ЭЛ АКЫНЫ БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН АКЫНДАРДЫН СЫНАГЫ ӨТТҮ

04.06.2025, 18:30
84

🔶Шумкар-Уя айыл аймагында айыл өкмөтүнүн, депутаттардын жана Жазуучулар союзунун демилгеси менен Эл акыны Байдылда Сарногоевдин жаркын элесине арналган акындардын сынагы ийгиликтүү өткөрүлдү.

🖊️Бул маданий иш-чарага аймактагы 6 айылдан чыккан таланттуу акын-жазуучулар катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ар бир чыгармага атайын түзүлгөн калыстар тобу адилеттүү баа берип, мыктыларын аныкташты.

🔶Сынактын байге фонду — 50 000 сомдү түзүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды.

✔️Иш-чара поэзия сүйүүчүлөрүнө дем берүү жана кыргыз поэзиясынын залкарларынын бири Байдылда Сарногоевди эскерүү максатында өткөрүлдү.

☝️Эл акыны Байдылда Сарногоев 1932–жылы Талас районунун Кара-Ой айылында туулган. Кийин катуу оорудан улам 2004-жылы каза болгон. Ал Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "Каарман эмгеги үчүн" медалдарынын жана I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

📚Анын чыгармалары кыргыз поэзиясынын алтын казынасына айланган.