Элдик курултайга бара турган делегаттар тандалды

02.11.2025, 12:55
2

Шумкар-Уя айыл аймагында Элдик курултайга катыша турган делегаттарды шайлоо жыйыны болуп өттү. Иш-чара Шумкар-Уя айылдык кеңешинин төрагасы А. Борукеевдин жетекчилиги астында уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар бир добуштан төмөнкү талапкерлерди колдошту;

✔️Момоконов Надырбек — Чоң-Токой айылынын тургуну;

✔️Сулайманов Мирбек — Талды-Булак айылынын тургуну.

Резервдик тизмеге төмөнкү жарандар киргизилди:

✔️Ракматов Калмурат;

✔️Кулбачаева Анипакан.

Жыйын ынтымактуу өтүп, делегаттарды шайлоонун жыйынтыгы катышуучулар тарабынан бир добуштан колдоого алынды.