Электр энергиясын үнөмдөө боюнча талаптар эскертилди

18.11.2025, 14:01
1

✔️Бүгүн, Шумкар-Уя айыл аймагында электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырган жыйын өттү. Иш-чарага айыл өкмөт башчысы, айыл башчылары жана мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

❗Жыйында социалдык объектилерде электр энергиясын үнөмдөө боюнча белгиленген режимдерди так сактоо маселеси талкууланды. Бакыт Кыдыралиев айыл башчыларга бул багытта катуу тапшырмаларды берип, көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын эскертти