“ЭЛЕТТЕГИ ЭЛДИК ТАЛАНТТАР” АТТУУ КАРОО-СЫНАК ӨТТҮ

29.06.2024, 12:00
13

Кыргыз маданиятын, оозеки чыгармаларын жайылтуу жана айыл жергесиндеги таланттуу өнөрпоздордун өнөрүн элге тартуулоо максатында 2024-жылдын 21-июнь күнү Шумкар-Уя айыл аймагында “Элеттеги элдик таланттар” аттуу кароо-сынак уюштурулду.

Ага Талас районунун таланттуу өнөрпоздору катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында катышуучулардын өнөрлөрү калыс бааланып, жеңүүчүлөргө байгелер тартууланды.

Белгилей кетсек, иш-чара КР Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы “Улуттук нарк жөнүндө” №157 сандуу Жарлыгынын негизинде, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдыгына карата уюштурулду.