ЭНЕЛЕРГЕ МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАНДЫ

08.03.2025, 19:00
15

Бүгүн, Шумкар-Уя айыл аймагынын Сасык-Булак айылында 8- март аялдардын эл аралык күнүнө карата маданий иш-чара өткөрүлдү. Айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган иш-чарага 6 айылдан 134 баатыр эне жана 82 “Эне даңкы” медалынын ээлери чакырылды. Майрамдык кечеде айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев айымдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, айыл өкмөтү тарабынан дайындалган белектерди тапшырды.

Иш-чара маданият кызматкерлеринин жана жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен жыйынтыкталды.