Ханнс Зайдель фондунун стипендиаттары аймактагы иштер менен таанышты

22.08.2025, 17:40
15

Бүгүн 22-августта Талас облусунда Ханнс Зайдель фондунун стипендиаттары ,КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн "Жаратман ишкерлер жана Таластын келечеги" темасында жолугушуусу өттү.

Стипендиаттар Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүктүрүү максатында айыл өкмөтү тарабынан аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышышты. Делегация аймактагы курулуштарды, өндүрүштөрдү жана элге кызмат көрсөтүү шарттарын жеринде көрүп чыгышты.

Жыйынтыгында, делегация курамы айыл аймактагы жүрүп жаткан иштерди жогору баалап, жергиликтүү бийликке ийгилик каалашты.

Белгилей кетсек, Ханнс Зайдель фондунун стипендиаттары Талас облусунда 3 күн болушат.