ИШТИ САПАТТУУ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛДИ

07.08.2025, 13:08
9

Бүгүн, Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө штабдык чогулуш өткөрүлдү. Өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев мекеме жетекчилерине жана кызматкерлерге алдыдагы 31-август эмегендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга бериле турган 10 соц.обьекти боюнча даярдык иштерин күчөтүү тапшырмасын койду.

Ошондой эле аймактагы курулуштарды тыкыр көзөмөлгө алуу, иштин сапатына өзгөчө көңүл буруу жагы эскертилди.

Мындан тышкары Бакыт Кыдыралиев айыл тургундарынын кайрылуусуна оперативдүү жооп берүү, маселелерди жеринде чечүү зарылдыгын белгиледи. Бул боюнча штабдын жыйынтыгында ар бир жетекчиге жана кызматкерге талаптар коюлуп, тапшырмалар берилди.