Кадырлуу мусулман бир туугандар!

31.03.2025, 17:02
6

Урматтуу Шумкар-Уя айыл аймагынын жашоочулары!

Сиздерди жан дүйнөнү аруулантып, ынтымакты жана мээримдүүлүктү тартуулаган бүгүнкү Орозо айт майрамыңыздар менен ак дилимден куттуктайм!

Мына бүгүн ыйык Рамазан айынын соӊунда кубанычтуу Орозо Айт майрамын белгилеп жатабыз. Жалпыбызга маалым болгондой Орозо Айт – мусулмандардын ыйык деп эсептеген эки майрамынын бири.

Рамазан айы – улуу Жараткан менен адам уулунун ортосундагы байланышты бекемдеген, руханий тазаланууга, пейилди оңдоп, жакшылыкка умтулууга багыттаган өзгөчө ай болуп эсептелет. Ар жылы Орозо айын жакшы тилек, жаркын үмүттөр менен күтөбүз. Кылымдар бою Ислам динибиздеги мына ушул руханий дөөлөт адам баласын ар дайым жакшылыкка жетелеп, жаш муундарды туура жолго чакырып келет.

Жараткандын берекеси төгүлгөн Орозо айт күнүндө баарыӊыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө аманчылык, мамлекетибизге өнүгүп-өсүү каалайм!

Орозо Айтыңыздар маарек болсун!

Сиздерди терең урматтоо менен,

Шумкар-Уя айыл аймагынын башчысы Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович