КАРА-ОЙ АЙЫЛЫНДА МУНИЦИПАЛДЫК ТИГҮҮ ИШКАНАСЫ АЧЫЛДЫ

27.06.2025, 16:02
4

Шумкар-Уяайыл аймагынын Кара-Ой айылында 20 орундуу заманбап тигүү цехи ишке кирди. Жергиликтүү элдин кубанычын Шумкар-Уя айылдык кеӊешинин төрагасы Алтынбек Борукеев баштаган депутаттар жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бөлүшүп, ишкана расмий ачылды.

Белгилей кетсек, муниципалдык багыттагы тигүү ишканасынын имараты мурда эски мектепке тиешелүү (кательный) болгон. Айылдык кеӊештин депутаттарынын жана айыл өкмөтү Бакыт Кыдыралиевдин колдоосу менен жергиликтүү бюджеттен 12 миллион сом бөлүнүп, капиталдык оӊдоодон өткөрүлдү.Анын натыйжасында кароосуз калган имарат жумушчуларды иш менен камсыздаган заманбап тигүү ишканасына айланды.

Мындан тышкары Шумкар-Уя айыл өкмөтү депутаттардын колдоосу менен жергиликтүү

бюджеттеги каражатка Чоӊ-Токой жана Кеңеш айылдарынын тургундары үчүн да 40 орундуу муниципалдык тигүү цехин ачууга камынууда.