Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылынын жаштары имам Уметалиев Узакбайга сый көрсөтүп, ыйык Умра сапарына жолдомо тапшырышты.
Мындан сырткары, айыл тургундарынын урмат-сыйына арзыган молдо Биримкулов Шумкарбекке да белек катары "Тойота ист" маркасындагы автоунаа тапшырылды.
Шумкар-Уя айыл өкмөтү Кара-Ой айылынын жаштарынын бул колдоосуна чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.