КАРА-ОЙДОГУ ЭСКИ МЕКТЕП ЗАМАНБАП БОЛУП ОҢДОЛУУДА

18.09.2024, 11:43
64

Шумкар-Уя айыл аймагынын Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев атындагы эски мектеп капиталдык оңдоодон өтүүдө. 35 жылдан бери бир жолу да чоң ремонт жасалбаган мектепке быйыл айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев жана депутаттар көңүл буруп каражатын чечип беришкен. Жергиликтүү казынадан 38 миллион сом бөлүнгөн. Анын 36 миллиону капиталдык оңдоого, калганы эмеректерди сатып алууга жумшалды. Бул каражатка эски билим уянын дубалынан башкасы толук түрдө жаңыланууда. Жакынкы күндөрү ремонт аяктап, мектепте чоң салтанат болот.

Асылкан Бөрүбаев атындагы бул мектеп Талас облусундагы алдыңкы билим уялардан. Жалпы 585 окуучу окуйт. 35 мугалим сабак берет. Эскертке кетсек дал ушул мектептен быйыл 1 окуучу Талас району боюнча жалгыз “Алтын тамга” аттестатынын ээси болгон. Мектептин директору Эржан Асыранов.

Белгилей кетсек, облусу боюнча бир гана Шумкар-Уя айыл өкмөтү мектептерин 100 пайыз жергиликтүү казынан күчү менен оңдоп баштады. Эске салсак, быйыл Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул орто мектеби да капиталдык оңдоодон өттү.