Кеңеш айылында 75 орундуу бала бакчанын курулушу башталат

12.04.2025, 18:20
10

Шумкар-Уя айыл аймагынын Кеңеш айылында 75 орундуу бала бакчанын имаратынын курулушу башталат. Бул маанилүү долбоор айылдагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган.

Бакчанын курулушу жергиликтүү бюджеттин каражатынан толук каржыланып, сметалык баасы 75 миллион сомду түзөт.

Жаңы бала бакча ата-энелерге жана жаш муунга ыңгайлуу шарттарды түзүп, айыл тургундары үчүн олуттуу колдоо болуп берери күтүлүүдө.

17-апрель күнү бала бакчанын курулушуна расмий түрдө капсула салуу аземи өткөрүлөт.