КОЛДООСУЗ СПОРТ ӨНҮКПӨЙТ!

22.04.2025, 20:20
15

Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы спорт залдарга машыгууга керектүү жаңы инвентарлар алынды. Бул боюнча жергиликтүү машыктыруучулар суранып, долбоорду “Альянс Алтын” колдоп берди. Спорттук инвентарлардын жалпы суммасы 322 миң сомду түздү. Алар аймактагы муктаждыгы бар спорт залдарга бөлүштүрүлөт.