КӨМҮРДҮН БААСЫ 5 СОМ...

30.01.2025, 16:00
9

❗Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында көмүрдүн килограммы 5 сомдон сатылып, тургундарды кубантууда .

❗Айыл калкы үчүн мындай жеңилдикти айыл өкмөтү түзүп , жергиликтүү бюджеттин эсебинен көмүрдү арзан сатууну уюштурууда.

❗Сүйлөшүүлөрдүн негизинде айыл өкмөтүндөгү муниципалдык техникалар Кара-Кечеге жиберилип , ата мекендик көмүрдү ташып келүүдө.

❗Көмүрдүн биринчи камазы Талды-Булак айылына түшүрүлүп, элге 5 сомдон сатылууда

❗Көмүр кезеги менен Шумкар-Уя айыл аймагындагы ар бир айылга жеткирилет .

❗Максаты , кымбатчылыкта айыл тургундарына жеңилдик түзүп берүүгө багытталганын айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев билдирди