Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2024-жылдын 31-декабрында кабыл алынган №209 Мыйзамынын негизги талаптарын түшүндүрүү боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга Шумкар Уя айыл аймагында эмгектенген баардык кызматтагы жетекчилер мектеп бала-бакча директорлору аппарат кызматкерлери жана айыл башчылар катышты.
Иш-чарада жаңы мыйзамдын коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы негизги талаптары, анын ичинде мыйзам бузган жарандарга карата каралган кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Мыйзамдын алкагында коррупциялык укук бузууларга тиешеси бар жарандар катуу жазаланары, анын ичинде:
• Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылары;
• өмүр бою мамлекеттик кызматка иштөөсүнө тыюу салынары;
• келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен эркиндигинен ажыратылары белгиленди.
Мындан сырткары, күнөөлүү деп табылган жарандардын жакын туугандарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөсүнө чектөө киргизилери баса белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө жетекчилерге өз мекемелеринин кызматкерлерине жаңы мыйзамды түшүндүрүү, ошондой эле калк арасында маалымат таратуу тапшырмасы берилди. Коррупцияга каршы күрөшүүдө бирдиктүү жана максаттуу иш алып баруу жагы милдетендирилди.