КУРМАН АЙТТА АЯРЛУУ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ЭТ ТАРАТЫЛДЫ

06.06.2025, 10:35
6

Курман айт майрамына карата Шумкар-Уя айыл аймагында жакшы тилек менен курмандык чалынды. 5 уй союлуп, эти аймактагы аярлуу үй-бүлөлөргө таратылды. Улуу күндөгү жасалган бул кайрымдуулук Шумкар-Уя айыл өкмөтү, «Альянс Алтын» ,"Арт Бласт Групп" жана «БПК» компаниялары менен биргеликте ишке ашырылды. Иш-чарага айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев , компаниялардын өкүлдөрү жана имамдар катышты.

Айылдагы мусулман бир туугандарды кубандырган бул камкордук жыл сайын уланып келатат. 4 уй союлса, быйыл 5 бодо мал союлуп эти таратылды