Бүгүн, 16-июнь Курман Айтка карата Шумкар-Уя айыл аймагында 4 уй курмандыкка чалынды. Демилгени Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев көтөрүп, каржылык колдоо Альянс Алтын компаниясы жана Аджи Сервис ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү. Жараткандын ыраазычылыгы үчүн чалган курмандыктарыбыз өз дарегине жетип, дилибиздеги аруу тилектерибиз кабыл болсун!
Алла Таала жергебизге тынчтык, туруктуу өнүгүп-өсүү, ынтымак берсин. Ар бир үй бүлөгө бакыт, токчулук каалайбыз!
Курман айтыңыздар маарек болсун!