КЫЗДАР АРАСЫНДАГЫ МЕЛДЕШ АЯКТАДЫ

06.10.2024, 18:50
13

Бүгүн башталган "Асанбек Оторбаев -Шумкар -Уя" эл аралык турниринде мыкты балбан кыздар аныкталды.

15 жашка чейинки кыздар арасындагы күрөштүн жыйынтыгы чыгарылып, уюштуруу тобу тарабынан диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды .

Мындан тышкары машыктыруучуларына да акчалай сыйлык берилди.

Уюштуруу мелдешке келген баардык коноктор, машыктыруучулар үчүн сый тамак уюштуруп берди . Ошондой күрөшөм деп келген 1000 ге жакын өспүрүм балдар-кыздардын тамактануусун да камсыздап берди.

Эскерте кетсек, турнирдин балдар арасындагы мелдеши эртең жыйынтыкталат.