Шумкар-Уя айыл аймагындагы көчөлөр, жолдор кеңейтилүүдө. Айыл өкмөтү тарабынан аймактагы кызыл сызыктан чыккан үй ээлерине түшүндүрүү иштери жасалып, натыйжасын берди .
Жыйынтыгында Шумкар-Уя айыл аймагындагы кызыл сызыктан чыгып кеткен короо сарайлар, тосмолор жылдырылып, жолдор талаптагыдай кеңейтилди. Анын негизинде азыр айыл аймактын ичи бир топ ирээтке келип калды.