МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРГА АЗЫК-ТҮЛҮК БАШТЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
03.12.2024, 19:58
28
3-декабрь майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата Шумкар-Уя айыл аймагында жергиликтүү бюджеттен 290 000 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 18 жашка чейинки 80 балага таттуулар салынган баштыктар, ал эми 18 жаштан жогорку курактагы 210 жаранга азык-түлүк салынган баштыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, 3-декабрь майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү катары белгиленет. Райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын маалыматына ылайык, Талас облусунда жалпы 7334 анын ичинде Талас районунда 1070 майыптыгы бар жаран бар.