♟️Мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча чоң мелдеш өттү

10.11.2025, 13:20
14

 

✔️Бүгүн, 9-ноябрда Талас облусунун шахмат федерациясы тарабынан жана Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн демөөрчүлүгү менен Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинде окуучулар арасында шахмат боюнча облустук чемпионат болуп өттү.

♟️Мелдешке 5 жаштан 17 жашка чейинки кыздар жана балдар катышты.

✔️Акыл калчаган таймашта Шумкар-Уя айыл аймагындагы мектеп окуучулары да жакшы натыйжа көрсөтө алышты.

🔶Жеңүүчүлөргө кубок, медаль, диплом жана белектер ыйгарылып, мыкты оюнчулар окуучулар арасында өтүүчү республикалык чемпионатка жолдомо алышты.