МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАНА ОКУУЧУЛАРГА ӨЗГӨЧӨ КОЛДОО БОЛДУ
Шумкар-Уя айыл аймагынын Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев атындагы Көк-Арык орто мектеби капиталдык оңдоодон өттү. Бул аракетти мугалимдер чоң кубаныч менен кабыл алып, мектептин салтанаттуу ачылыш аземин жасашты. Ага КР Эл артисти Түгөлбай Казаков, генерал-лейтенант Бексултан Ишимов жана жергиликтүү жетекчилер катышты.
Билим уяны оңдоо демилгесин айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев жана кеңештин төрагасы жана депутаттары колдоп ишке ашырышкан. Жергиликтүү бюджеттен 36 миллион сом каржыланып, мектеп толугу менен заманбап болуп өзгөрдү. Дагы кошумча 2 миллион сом бюджеттен бөлүнүп, ага жаңы эмеректер алынды.
Мындан тышкары айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин чечими менен мектепке мерседес спринтер микроавтобусу белек кылынды.
Эске салсак, директор Эржан Асыранов жетектеген дал ушул мектептин бүтүрүүчүсү быйыл Талас району боюнча жалгыз “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон.
Белгилей кетсек, Шумкар-Уя айыл өкмөтү өзүнүн бюджетине акчаны максаттуу пайдаланып, Кара-Ой жана Сасык-Булак айылындагы эски мектептерге капиталдык ремонт жасап, бүт шартын жаңыртып алды