Нооруз майрамы Шумкар-Уяда шаңдуу белгиленди!

21.03.2025, 17:05
9

Бүгүн Шумкар-Уя айыл аймагында жаздын жарчысы болгон Нооруз майрамы кеңири белгиленип, элге чоң майрамдык маанай тартууланды. Иш-чаранын алкагында улуттук тамак-аш жарманкеси уюштурулуп, көпкө кайнатылып бышырылган даамдуу сүмөлөк айыл тургундарына тартууланды.

Айыл аксакалдары ак батасын берип, элге береке, ырыс жана тынчтык каалашты. Майрамдык концертте жергиликтүү өнөрпоздор өз өнөрлөрүн тартуулап, айыл элине жагымдуу маанай тартуулашты. Ошондой эле улуттук ат оюндары, футбол жана волейбол боюнча мелдештер уюштурулду.

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев айыл тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктап, жаңылануунун символу болгон бул улуу күндө ар бир үй-бүлөгө молчулук, аманчылык жана бакубат жашоо каалады.