ОКУУЧУБУЗ "АЛТЫН ТАМГА" АТТЕСТАТЫНА ТАТЫКТУУ БОЛДУ

19.05.2024, 12:00
11

Шумкар-Уя айыл аймагынын Кара-Ой айылындагы А. Бөрүбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Адинай Хаписова тестирлөөгө катышып, "Алтын тамга" алды.

Мектеп окуучусу сынакта көрсөтүлгөн предметтер боюнча жогорку балл алып, жакшы жыйынтык көрсөткөн. Эми "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына ээ болот.

Белгилей кетсек, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев айыл аймактагы билим тармагына өзгөчө көңүл буруп, окуучулар менен мугалимдерге бардык шарттарды түзүүнүн үстүндө иш алып барууда