Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев атындагы Көк-Арык орто мектебинде окуучулар арасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ага карата аракеттенүү боюнча машыгуу болуп өттү. Аталган сынакка Талас районундагы мектептердин окуучулары катышып, өз даярдыктарын көрсөтүштү . Жыйынтыгында мыкты даярдык көрсөткөн окуучулар уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.