Окуучулар «Бабалар баяны» кароо сынагына катышты

28.10.2025, 12:44
3

🔶Бүгүн, 28-октябрда Шумкар-Уя айыл аймагындагы XVII кылымдын баатыры Эр Солтоной Байсейит уулунун 355 жылдыгына, Хан Садыр Арзымат уулунун 310 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер, аскер башчысы Нузуп бий Эсенбай уулунун 230 жылдык мааракесине карата уюштурулган “Бабалар баяны” аттуу мектеп аралык кароо-сынак өттү.

🔶Маданий сынакка айыл аймактагы баардык мектептер активдүү катышты. Жыйынтыгында М. Туйтунов атындагы Бакай -Таш орто мектеби жеңүүчү аталып, райондук турга жолдомо алды.

👏Аталган мектептин эмгек жамаатына жана окуучуларга ийгилик каалайбыз!