Шумкар-Уя айыл аймагындагы А. Бөрүбаев атындагы Көк-Арык орто мектебинде "Ынтымак, достук көпүрө" деген темада менен жолугушуу уюштурулду. Ага Жумагул уулу Алымкул жана А.Бөрүбаев атындагы Көк-Арык орто мектебинде окуган 11-класстын окуучулары катышты. Айыл өкмөтүндөгү социалдык адистер, ИДН кызматкерлери, соц.педагогдор жана Талас райондук шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистери өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан ,рекетчиликтен алыс болууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жолугушуу концерттик программалар менен коштолду.
Белгилей кетсек , кылмыштуулуктун алдын алуу максатындагы мындай иш-чаралар Шумкар-Уя айыл аймагындагы мектептерде уланууда. Жолугушууда окуучуларга адеп, ынтымак жана жүрүм-турум боюнча акыл насааттар айтылып, чоңдор менен өспүрүмдөр түз отуруп баарлашууда.