ОКУУЧУЛАРЫБЫЗДЫ КУТТУКТАЙБЫЗ!!!

03.07.2024, 12:00
17

Шумкар-Уя айыл аймагындагы М.Туйтунов атындагы Бакайташ орто мектебинин окуучулары Ысык-Көлдө өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиададан чоң ийгилик менен келишти .

6 окуучу менталдык арифметика боюнча мыкты деп тандалып , байге утушту.

Алардын ичинен Бектур Ормонов "Супер чемпион" болуп, кубок , медаль жана рюкзак менен сыйланды. Ошондой эле Бекнур Сүюнбаев 2-орунга ээ болуп , медаль, рюкзак жана сертификат менен сыйланды. Мындан тышкары калган окуучулар да аталган сыйлыктарга ээ болушту .

Белгилей кетсек, аталган окуучулардын Ысык-Көлгө барып , менталдык арифметика боюнча сынакка катышып келүүсүнө Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев колдоо көрсөтүп, бюджеттен 48 000 сом бөлүнүп берилген .

Бүгүнкү күндө аймакта билим берүү тармагына , окуучулардын ар тараптуу өсүп өнүгүүсүнө өзгөчө көнүл бурулууда