ООЗ АЧЫРГАН СООП ТАБАТ...

29.03.2025, 17:01
8

Орозо айынын урматына “Кыргыз Логистик Сервис” компаниясы 28-мартта Шумкар-Уя айыл аймагынын калкына ооз ачыруу иш-чарасын өткөрдү.

Компания Талас шаарындагы “Ала-Тоо” ресторанына дасторкон жазып, 250 адамга сый тамак тартты.

Ооз ачар иш-чарасында компаниянын өкүлдөрү , Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев айыл калкын Орозо айы менен куттукташты.

ыйынтыгында айыл аксакалдары бата берип, ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Лосистик Сервис” компаниясы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтындын” подрядчы ишканаларынын бири болуп саналат.