ОШ ОБЛУСУНУН ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МЕНЕН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ-ЧАРАСЫ УЮШТУРУЛДУ

27.05.2024, 12:00
14

Шумкар-Уя айыл аймагынын башчысы Бакыт Кыдыралиев баштаган аппарат кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары иш сапар менен 2024-жылдын 22-24-май күндөрү Ош облусунун Араван районуна караштуу Достук (мурунку Алля Анаров) айыл өкмөтүнө барышты.

Иш-чара айыл өкмөттөр аралык кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана ынтымакты арттыруу максатында уюштурулду. Анда Шумкар-Уя айыл аймагынын аппарат кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары Достук айыл аймагында жасалып жаткан алгылыктуу иштердин жүрүшү жана жетишкендиктери менен жеринен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Тажрыйба арттыруу багытындагы мындай кызматташтык -айыл аймактардын өнүгүп-өсүүсүнө жана өз ара байланыштарды чыңдоого жол ачмакчы.

Эске сала кетсек, Араван районуна караштуу Алля Анаров айыл өкмөтү буга чейин Кыргызстан Республикасында эң мыкты айыл өкмөтү сынагында 1-орунду алып, 3 млн сом байгеге ээ болгон.