ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДА КЫРСЫК ТОБОКЕЛИН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ

27.09.2024, 11:19
21

Бүгүн, 27-сентябрда Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул орто мектебинде "Жарандык коргонуу" боюнча окуучулар арасында конкурстук иш-чара болуп өттү.

Ага Талас райондук мамлекеттик администрациясынан, КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан келген коноктор, Талас районунун мектеп окуучулары катышышты.

Иш-чара мектептерде кырсык тобокелин азайтуу, мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу максатында уюштурулду. Ага мектеп окуучулары жигердүү катышып, өзгөчө кырдаалдарда зарыл болгон чараларды практикалык иш-аракеттер менен жогорку деңгээлде көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, билим берүү мекемелери балдардын жана чоңдордун көп болгондугуна байланыштуу көп учурда өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу деңгээли жогору болгон коомдук борбор болуп эсептелинет. Андыктан мындай практикалык иш-аракеттерди өткөрүү балдардын коопсуздугу үчүн чоң мааниге ээ.