Бүгүн, 19-декабрда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы иштеп баштады.
Дарыканын ачылыш аземине Талас районунун акими Байышбек Астанакулов, Шумкар- Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев , “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын Таластагы координатору , айылдагы оорукананын кызматкерлери жана тургундар катышты.
Аталган дарыкананы ишке киргизүүдө айыл өкмөтү жана депутаттар демилге көтөрүп, имаратын даярдап беришкен. Бүт шарты бар имаратка бүгүн мамлекеттик дарыкана жайгашып, элге кызмат кыла баштады.
“Эл Аман” мамлекеттик дарыканасында чекене баалар жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-15% төмөн. . Ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен дары-дармектер 50%дан 100%га чейин арзандатуу менен элге сатылат