Саясий, социалдык-экономикалык маанилүү окуяларды коомчулукка ыкчам, так, ынанымдуу жеткирип келе жаткан Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
07.11.2024, 13:24
48
Саясий, социалдык-экономикалык маанилүү окуяларды коомчулукка ыкчам, так, ынанымдуу жеткирип келе жаткан Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Кандай жагдай болбосун акыйкаттыкты, жалпы элдин кызыкчылыгын башкы орунга коюп коомчулукту жаңы, так, объективдүү маалыматтар менен камсыз кылып келесиздер.
Түйшүктүү ишиңиздерди бийик баалоо менен ак ниеттүүлүк менен жасап жаткан ар ишиңиздерге терең ыраазычылык айтам. Сиздерге жогорку чыгармачыл шык, бекем ден соолук, ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайм! Ар дайым калемиңиздер курч– сөзүңүздөр таамай болсун!
Сиздерди терең урматтоо менен Шумкар-Уя айыл аймагынын башчысы Бакыт Кыдыралиев