“Шумкар Тазалык” муниципалдык ишканасы “Дыйкандын Коосу”участогундагы таштанды таштоочу полигону боюнча маалымат

08.09.2025, 16:30
37

“Дыйкандын Коосу” өзөнүнүн К-1634 чөйрө сызыгынын ичинен №19 чөйрө сызыгындагы 1.5га жер участогу Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылында жайгашкан. 

Таштанды таштоочу полигонду куруу маселеси Бекмолдо айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясында каралып, 2019-жылдын 27-апрелинде №54 токтомунда канаттандырылган. Ал эми 2021-жылдын 9-июлунда негизинде Бекмолдо айыл өкмөүнүн муниципалдык менчигине жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип жана максаттык багытын өзгөртүп берүү маселеси каралып, курулуш жумуштары райондук архитектура башкармалыгынан алынган иш кагаздарынын негизинде курулуш нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен №23 токтому кабыл алынган. Ал эми 2023-жылдын 31-мартындагы №8 токтомунун жана 2023-жылдын 17-апрелиндеги №3 “Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” токтом кабыл алынган.


2024-жылдын октябрь айынан баштап “Шумкар Тазалык” муниципалдык ишканабыз иштеп баштады.

“Шумкар Тазалык” ишканасы азыркы учурда Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу алты айылдын (Талды-Булак ай., Ак-Коргон ай., Кара-Ой ай., Сасык-Булакай., Кеңеш., Чоң Токой ай.) айдын бири жана 15- күндөрүндө калктын таштандыларын чыгарып, иш алып барат. Бул таштандылар “Дыйкандын Коосу” өзөнүндө жайгашкан полигонго ташталып, өз өзүнчө сортировка кылынат. 

“Шумкар Тазалык” муниципалдык ишканада бир SHACMAN үлгүсүндө Самосвал жана ушул үлгүдө эле таштанды ташуучу унаа иштөөдө. 
 

Учурда он штатык жана жыйырма бир контрактын негизинде иштеген кызмат керлерибиз бар. 

              
2025-жылдын август айынан баштап ОсОО “Альянс Алтын” компаниясы менен келишим түзүлүп, ошонун негизинде катту калдыктарды чыгаруу иштери жүргүзүлүдө.

Учурда “Шумкар Тазалык” ишканасы бир гана таштанды ташуу иштери менен алектенбестен, жеке ишкерлер жана мамлекеттик мекемелер менен келишимдин негизинде иш алып барууда. 

Ишканабыздын жетекчиси Абдрахманов Нургазы Берикбайевич жана кызматкерлери элди тазалыка чакырып жана жергебизге келген конокторго үлгүү көрсөтүүгө үндөйт.