Талас райондук ички иштер бөлүмү берген сунуштун негизинде Шумкар-Уя айыл өкмөтү тарабынан 26 видеокөзөмөл камералары орнотулду.
- 5 мектепке 12 видеокамера;
- 2 бала бакчага 4 видеокамера;
- 4 мечитке 8 видеокамера;
- Айыл өкмөттүн имаратына жана калкты тейлөө борборуна 2 видеокамера коюлду.
Видеокамералар Талас ОИИБдин Санарип кырдаал борборуна тутатыштырылды. Алар 360 градуска айланып, адамды жүзүнөн тааный алат.
Аймактагы коомдук коопсуздукту күчөтүүгө багытталган бул демилге айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев , айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев баштаган депутаттардын колдоосу менен биргеликте ишке ашырылды.