Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына арналган салтанат Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Чоң-Токой айылында өттү. Салтанатта айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев , депутаттар сөз сүйлөп, айыл калкын бүгүнкү майрамы менен куттукташты.
Аймакты өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондорго “Шумкар-Уя” айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы жана “Ыраазычылык кат” тапшырылды. Ошондой эле айыл аймактын намысын талашып, күрөштөн ийгилик жараткан 4 окуучуга ар бирине 40 миң сомдон, ал эми машыктыруучусуна 80 миң сом акчалай сыйлык берилди.
Иш-чара жергиликтүү таланттардын, шайыр апалардын коштоосундагы концерттик программа менен жыйынтыкталды.