Шумкар уя айыл аймагында жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, рекетчиликтин жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жана рейддер жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, алардын туура багытта тарбияланышына жана мыйзамды сактоо маданиятын калыптандырууга багытталган.
Мындан сырткары, айыл аймагындагы дүкөндөрдө өспүрүмдөргө тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу боюнча көзөмөл күчөтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү соода түйүндөрүн кыдырып, мыйзамдын талаптарын түшүндүрүп, эрежелерди бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертишти.
Жергиликтүү бийлик жаштардын ден соолугун коргоо, алардын туура тарбияланышын камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды уланта берерин белгиледи.