Шумкар-Уя айыл аймагында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

08.05.2025, 14:21
14

2025-жылдын 8-майында Шумкар-Уя айыл аймагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чарага айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, мугалимдер, окуучулар жана ардагерлер катышышты.

Майрамдык программа Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни менен ачылып, эскерүү мемориалына гүл коюу аземи өткөрүлдү. Ардагерлерге ыраазычылык билдирилип, аларга белектер тапшырылды.

Окуучулар тарабынан даярдалган ырлар, поэзия, патриоттук темадагы чакан сахналык көрүнүштөр катышуучуларды кайдигер калтырган жок. Бул күнү өткөн муундагы эрдик эскерилип, жаш муунга үлгү катары көрсөтүлдү.

Иш-чара айыл тургундары үчүн уюштурулган майрамдык дасторкон менен жыйынтыкталды.