Шумкар-Уя айыл аймагында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата ардагерлердин жубайларына урмат көрсөтүлдү
08.05.2025, 15:23
9
2025-жылдын 8-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Шумкар-Уя айыл аймагында согуш ардагерлеринин жубайларына урмат көрсөтүлүп, материалдык жардам берилди.
Иш-чара айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеевдин демилгеси менен уюштурулуп, ардагерлердин жубайларына акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды.
Кара-Ой айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Базарбаев Мансурдун жубайы — Сейталиева Эркин жана Талды-Булак айылындагы ардагер Үмөтов Ашымбектин жубайы — Боромбаева Бурмакан акчалай жардам жана белектер менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, мындай колдоо жыл сайын уюштурулуп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен туруктуу негизде жардам көрсөтүлүп келет.