8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө эмгектенип жаткан айым кызматкерлерге сый-урмат көрсөтүлүп, белектер тапшырылды.
Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев жалпы айымдарды жаз майрамы менен чын дилден куттуктап, аларга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, узак өмүр жана эмгектеринде албан ийгиликтерди каалады.
Куттуктоо сөзүндө айыл өкмөт башчысы айымдардын коомдогу орду өзгөчө экенин билдирип, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында да кошкон салымы чоң экенин айтты. Ошондой эле айым кызматкерлердин жоопкерчиликтүү эмгеги, тактыгы, сабырдуулугу жана тынымсыз аракети Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн ишинин алдыга жылышына чоң өбөлгө түзүп келе жатканын баса белгиледи.